Викиказына — коомдук энчидеги жана эркин лицензияланган билим берүүчү медиа контенттин (сүрөттөргө, үн жана видео жазууларга) жалпыга жеткиликтүүлүгүн (анын ичинде ар кандай тилде жеткиликтүүлүгүн) кымсыз кылган медиа сактагыч. Мындан тышкары, Викимедиа фондунун долбоорлору үчүн бирдиктүү сактагыч катары колдонулат, бирок анда сакталуучу медианы колдонуу үчүн аталган долбоорлорго катыштыгыңыздын кажети жок. Сактагыч жалданган адистер тарабынан эмес, ыктыярчылар тарабынан түзүлүп, тейленет. Викиказынанын алкагы тийиштүү баракта чагылдырылган.
Викиказына Википедиядай эле вики-технологияны колдонгондуктан, аны да каалаган адам түзөтө алат. Викимедианын башка долбоорлоруна жүктөлгөн файлдардан айырмаланып, Викиказынага жүктөлгөн файлдар Викимедианын бардык долбоорлорунда ар бирине өзүнчө жүктөлбөстөн колдонулушу мүмкүн.
2004-жылдын 7-сентябрында ачылган Викиказына 2006-жылдын 30-ноябрында 1 000 000чу жүктөлгөн медиа файлга туш болгон, азыркы учурда болсо 106 819 033 медиа файлды камтыйт. Викиказына тууралуу түшүнүк калыптандыруучу маалыматтын көбүн Жоопкерчиликтен баш тартуудан, Википедиядагы жана Мета-викидеги макалалардан тапсаңыз болот.
Адаттагы медиа сактагычтардан айырмаланып, Викиказына бардыгы үчүн «ачык». Автор белгилеген шарттар аткарылса, ар бир адамга бул жердеги файлдарды эркин көчүрүүгө, колдонууга жана өзгөртүүгө уруксат берилет; андай шарттардын көбү — булакты, авторду (авторлорду) талаптагыдай көрсөтүү жана көчүрмөлөрдү/туунду чыгармаларды ошол эле колдонуу шарттарында жарыялоо. Ар бир файлдын лицензиясы анын сыпаттама барагында берилет. Викиказынанын маалымат базасы жана андагы тексттер Creative Commons Attribution/Share-Alike лицензиясы боюнча лицензияланат. Колдонуу жөнүндө көбүрөөк маалыматты Викимедиадан тышкары колдонуу жана Алгачкы кадамдар/Колдонуу барактарынан тапса болот.
Викиказынага эң чоң салымыңыз — жакшы кыла ала турганыңызды кылуу:
Мыкты фотограф болсоңуз, мыкты сүрөттөрүңүздү бөлүшүүдөн тартынбаңыз. Мыкты графикалык дизайнер болсоңуз, кандай диаграммалар менен анимацияларга муктаждык бар экенин караңыз.
Өз файлдарыңызды жүктөө менен эле чектелбеңиз. Жасай турган толгон-токой маанилүү иштер бар:
Жада калса, сүрөтчү болуунун же маалымдама тексттерди жакшы жазууга жөндөмдүү болуунун кажети жок. Эгер башаламандыкты тартипке келтире алсаңыз, сизге да иш табылат!
{{subst:nsd}}
калыбы (тег) менен белгилөө.
Файлдарды Викиказынага жүктөө үчүн катталуу керек. Ал үчүн жогорку оң бурчтагы «Create account» шилтемеси аркылуу өтүп, бардык жүктөөлөрүңүздө/түзөтүүлөрүңүздө көрсөтүүлүчү колдонуучу атыңызды берип, катталсаңыз болот. Бирок, барактарды гана түзөтөм десеңиз, катталуу сөзсүз эмес (бирок сунушталат). Эгер бирдиктүү аккаунтту колдонгон болсоңуз — Викиказынада катталгансыз.
Викиказынаны «Алгачкы кадамдар» курсунан жана көп берилүүчү суроолорго жооптордон таанып баштоону сунуштайбыз. Аларда интерфейсти кантип жөндөө (мисалы, интерфейстин тилин өзгөртүү), файлдарды кантип жүктөө керектиги жана лицензиялоо эрежелерибиздин негиздери түшүндүрүлөт. Викиказынага салым кошуу үчүн кандайдыр бир техникалык жөндөмдөрдүн кереги жок. Салым кошууда кайраттуу болуңуз жана башкалардын аракеттеринен жакшы ниет көрүүгө умтулуңуз. Бул вики — чындыгында оңой.
Көбүрөөк маалымат Жамаат порталында жеткиликтүү. Суроолоруңузду болсо Форумдан же IRC #wikimedia-commons webchat каналынан берсеңиз болот.
Викиказынадагы файлдар категориялар жана галереялар боюнча бөлүштүрүлгөн. Негизги категориялар башкы бетте келтирилген.
Башка колдонуучулар билген тилдериңиз тууралуу кабардар болушу үчүн — Babel калыбын, графикалык жөндөмдөрүңүз тууралуу кабардар болушу үчүн — сунушталган калыптардын бирин өз колдонуучу барагыңызга жайгаштырып койсоңуз жакшы болмок. Бардык жүктөгөнүңүздү жеке галереяңыздан карасаңыз болот. Сураныч, талкуу барактарында жазганыңызга ~~~~ терүү/баскычты басуу менен колуңузду коюңуз. Эгерде, файлдарды башка долбоордон көчүрүп жатсаңыз, FileImporter кеңейтмесин колдонуңуз.
Көптөгөн сүрөттөрдү жүктөйм десеңиз, ал үчүн көптөгөн жүктөө куралдары жеткиликтүү, мисалы, VicuñaUploader. Мазмунду көрүү же түзөтүү үчүн куралдар боюнча толук маалымат керек болсо, «программалык камсыздоо» жана «куралдар» барактарын караңыз.
Бул долбоор сизге ырахат тартуулайт деп үмүттөнөбүз.
Wikipedia
Encyclopedia
Wikinews
Open journalism
Wiktionary
Dictionary & thesaurus
Wikibooks
Textbooks & manuals
Wikiquote
Quotations
Wikispecies
Species directory
Wikiversity
Learning resources
Wikivoyage
Travel guide
Wikisource
Source texts
Wikidata
Knowledge base
MediaWiki
Wiki software development
Wikifunctions
Library of functions
Meta-Wiki
Coordination